"Түзөтүүлөр ипотекалык кредит берүү системасын өркүндөтүү жана турак жай сактык кредиттерин ишке ашыруу үчүн негиз түзүү максатында демилгеленди. Бул жеке курулушту каржылоо үчүн аманатчылардын акча каражатын топтоо жана ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин жөнгө салуу, жүргүзүлүп жаткан операцияларга, турак жай сактык-кредиттик компаниялардын депозиттерине, сый акыларды төлөө, милдеттүү камсыздандырууга көзөмөл кылуу үчүн жасалууда. Жарандардын каражатын мобилизациялоо республикалык бюджеттин түйшүгүн азайтат. Мисалы, бүгүнкү күндө сатылып алынган турак жай наркынын 90 пайызы республикалык бюджеттен каржыланса, 10 пайызы — жарандардын алгачкы салымы. Республикалык бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдалануу үчүн долбоордо турак жай сатып алууда бюджеттик акчанын үлүшүн 40 пайызга чейин азайтуу сунушталууда. Ага ылайык, 30 пайызы жарандын өздүк салымы, 30 пайызы турак жай сактык-кредиттик компаниясынын каражаттары болот. Турак жай рыногунда акча салууга жана акционер болууну сунуш кылган турак жай-курулуш кооперативдеринин активдүүлүгү байкалууда. Алар өз кызматтарын ипотекалык кредитке альтернатива катары көрсөтүп жатышат. Бирок аларда банктык операцияларды жүргүзүүгө эч кандай уруксат жок. Бул жарандардан аманаттарды кабыл алуу, каржы пирамидасынын белгилеринен кабар берет. Кооперативдердин ишин көзөмөлдөй турган ыйгарым укуктуу орган азырынча аныктала элек. Ошондуктан бул аракеттер турак жай сактык-кредиттик системасынын укуктук негиздерин кеӊейтүү жана толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү үчүн зарыл", — деди Кылжиева.