Ташиев "убактым аз калды" деп эмнеге айтканын түшүндүрдү. Видео

Ал айткандары иш менен гана байланыштуу экенин билдирди. Ошол эле учурда жашоосундагы нерселерди ачыктай албай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. УКМКда түбөлүк отурбайм, отурушум да мүмкүн эмес. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирди.
Төрага кечээ баракчасына коррупция менен күрөш аёосуз жүрөрү тууралуу пост жазып, анда “убактым аз калды” деген эле. Бул сөзү соцтармакты колдонуучулар арасында эки ача ойду жараткан.
Ташиев айткандары иш менен гана байланыштуу экенин билдирди. Ошол эле учурда жашоосундагы нерселерди ачыктай албай турганын белгиледи.

“Мен бул жерде (УКМК) түбөлүк же 10-15 жыл отурайын дебейм. Андай болушу да мүмкүн эмес. Бирок мен отурган убагымда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек. Мен коррупционерлердин, бандиттердин тамырын кыркам. Мен жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомго да зыянын тийгизе албагыдай болушу керек”, — деди Ташиев.

Ал кылмыштуулук менен күрөш үч этапка бөлүнгөнүн айткан. Алар — күрөштү системалаштыруу, багытын аныктоо, мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү жана маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.
Анын айтымында, биринчи этап эми гана бүттү жана ал ойлогондон дагы узакка созулду. Ал экинчи этап эми башталарын, анда мыйзам чегинде жазалар максималдуу колдонуларын айтты.
“Экинчи этап 1-1,5 жылга созулат деп ойлойм. Өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар”, — деген УКМК төрагасы.
"Батуми" ресторанын сүрдүрүүдөн чыккан чуу: жерине Ташиев барды