БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Түйүлдүктүн, ымыркайдын өсүүдөгү кемтиктери балдар арасындагы өлүмдү көбөйтөт. Ал адамдын майып болуп калуусунун негизги себептеринин бири. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, алдын алуу үчүн кеңештерди берди.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жаңы төрөлгөн 33 баланын ичинен болжол менен бирөөндө кемтик байкалат.
"Оор кемтиктерге – тубаса жүрөк кемтиги, нерв түтүкчөсүнүн кемтиги жана Даун синдрому кирет. Ал генетикалык, инфекциялык же экологиялык факторлордон улам болот деп айтылганы менен так себептерин аныктоо оор", — деп айтылат маалыматта.
Айрым аракеттер өнүгүүдөгү кемтикти алдын алууга жардам берет:
Түйүлдүктүн өсүүсүндөгү патологияны аныктоо үчүн кош бойлуулуктун 24 жумасына чейин аялдарга ультрадобуштуу изилдөөдөн (УЗИ) өтүү сунушталат.
Өнүгүүдөгү айрым тубаса кемтиктерди алдын алууга болот. Кош бойлуулукка жана бойго бүтүрүүгө даярдануу мезгилинде профилактикалык чараларды көрүү керек. Анын ичинде эмдөө, өз учурунда дарылануу жана медициналык текшерүүдөн өтүп туруу жана башка.
Баланы ар кандай патологиялардан коргоо үчүн аял ички органдардын калыптануусуна катыша турган активдүү витаминдерди ичип турушу керек.