Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды

Аталган кызматта 2018-жылдан бери иштеген Надира Жусупбекова ушул жылдын 11-майында иштен бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Аида Рысбаева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин жамаатына жаңы орун басарды президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаков тааныштырды. Мурдагы орун басар Надира Жусупбекова ушул жылдын 11-майында кызматтан кеткен.
Рысбаева буга чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп иштеген.
Караколдун мэри Эрмат Жумаев Талас шаарын башкармай болду