Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операция болгон аймактарда "тартип" орноткон мышык. Видео

Атайын операция аймагында десантчылардын эрмеги болгон мышык. Видео
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Атайын операцияга катышып жүргөн тулалык десантчылар курал кармаган кубаттуу колдору назик жаныбарды кантип эркелетип, карап багарын көрсөтүштү.
Видеону РФтин Коргоо министрлиги Telegram-каналына жарыялады.
Мышыктын Гоша ысымдуу баласы кичинекей болгону менен чычкандардын жаалдуу жоосу. Сыртта жоокерлер өзүнүн милдетин аткарса, ички "тартип менен тазалыкты" Гоша сактап келет.
Ал эми октун үнү угулбай, айлана тынчып, жоокерлер эс ала калганда алардын курал кармаган кубаттуу колдору кичинекей мышыкты эркелетип, камкордукка бөлөрүн видеодон көрүүгө болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты