Россиянын Ессентуки шаарында өткөн ММА FCF (Full Contact Federation) боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Бакыт Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып 20-21-майда өткөн турнирге дүйнөнүн күчтүү мушкерлери катышканын белгиледи.
Анын айтымында, мелдешке 84 килограммга чейинки салмакта катышып, жарым финалда ирандык спортчуга утулуп калган.
"20-21-майда Россиянын Ессентуки шаарында ММА FCF (Full Contact Federation) боюнча 14-ирет дүйнө чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандын курама командасы барды. Бул турнирдин деңгээли абдан жогору бааланат. Убагында Хабиб Нурмагомедов өңдүү спорттун жылдыздары карьерасын ушул турнирден баштаган. Быйыл уюмдун 20 жылдыгы да белгиленип, атаандаштык курч болду. Мен 84 килограмм салмакта беттештерге катышып, жарым финалда ирандык мушкерге упай эсебинде утулуп калдым. Негизи акыркы учурларда ММА өлкөдө жакшы өнүгүп, биздин спортчулар эл аралык мелдештерден дайыма байгелүү кайта башташты", — деди Кадыров.
Ошондой эле адис ММА турниринин алпагут түрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий катталып калса, кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды алууга аракетин жумшай турганын кошумчалады.