Нарматова жаш кыздарды, аскерге барбаган уландарды сыртка чыгарбоону сунуштады

Депутаттын айтымында, учурда жаштар акыл-эсин токтото элек мезгилинде чет жакка чыгып алып кордук көрүп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова улан-кыздардын чет өлкөгө чыгышына тыюу салууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова
Анын айтымында, учурда жаштар акыл-эсин токтото элек мезгилинде чет жакка чыгып алып кордук көрүп жатышат. Андыктан жок дегенде жигиттер аскердик кызматты өтөп, анан кетиши шарт.
"Аскердик кызматын өтөбөгөн жигиттерди чет өлкөгө чыгарбоо жагын карап, тапшырма берсеңиздер. Себеби күчкө толуп турган жигиттерибиз аскерге барбай сыртка чыгып кетип, кордук көргөн фактылар көп. Жок дегенде аскердик кызматын өтөп, бара турган мамлекеттин мыйзамдарын, коопсуздугун билип, акылын токтоткондо сыртка чыкса жакшы болот эле. Жаш өспүрүм кыздарыбыз да 18 жашка толуп-толо элегинде чет жакка чыгып кыйналып жатышат", — деди Нарматова.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы кийим тигүү фабрикаларында миңдеген жумушчу орун бар экенине карабай жаштар Россия, Казакстанга кетип жатканына нааразы болду. Андыктан бийлик органдары жумушка орноштуруу жагын колго алышы керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Надира Нарматова кечээ да Бишкекте өткөн тегерек столдо 23 жашка чыга элек кыздарды башка мамлекетке иштегени кетишине тыюу салуу керектигин айткан.
Быйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган