Буга байланыштуу америкалыктарда Украинаны мындан ары каржылоонун кажети барбы деген суроо туулду. Таасирдүү Hill басылмасынын баяндамачысы "карыздын чеги боюнча туңгуюк абал жана Украинанын алдыдагы контрчабуулунан улам кечеңдөөлөр каржылоонун келерки айлампасындагы олуттуу сүйлөшүүлөрдү жылдырганын" белгиледи. РИА Новости сайтына жарыяланган Виктория Никифорованын макаласы Кошмо Штаттардагы ушул кырдаалдан кеп салат.
Украина темасы дефолт менен биргеликте калкып чыгып жатканында кыйла олуттуу маани жатат. АКШдагы ар бир ири экономикалык каатчылык атайын уюштурулганын байкабай калуу мүмкүн эмес. Карапайым америкалык жарандар жапырт сазга батат. Андай жагдайдын шарапатын аталган державадагы бир нече үй-бүлө, корпорация жана банктар манчыркап баюу менен көрөт.
Андайга дүйнө 2008-жылы күбө болгон. Goldman Sachs өңдүү банктар мамлекеттик бюджеттен жүздөгөн миллиард доллар алып, банкрот болгон салык төлөөчүлөрдүн эсебинен өз баланстарын ийгиликтүү толукташкан. Бирок жарандар нааразы болуп чыгышпасын деп улам бир нерсени ойлоп табышкан. Көбүнесе согушту шылтоо кылышат.
Ошол жылдагы улуу рецессияны АКШнын Ирак менен Афганистандагы чыгымдары, эки миңинчи жылдардагы ашкере чыгымдарды Югославиянын жок кылынышы менен түшүндүрүшкөн. Бирок буга эң белгилүү мисал – вьетнамдык согуш. 1970-жылдын башында Кошмо Штаттарда кезектеги экономикалык каатчылык каптаган. Инфляция, мамлекеттик карыздын өсүшү, доллардын нарксызданышы, жарандардын жапырт нааразычылыгы...
Өлкө кымгуут түшүп, президент Никсон америкалык доллар алтын менен камсыздалбай турганын жар салууга аргасыз болгон. Дүйнөнүн кадимки бир өлкөсү үчүн ошол абал дефолтту туюндурмак, бирок жетимишинчи жылдардын башында алдыңкы дүйнөлүк оюнчулар оюндун жаңы эрежелерине макул болушкан. Себеби доллар эл аралык эсептер үчүн өтө ыңгайлуу болгон.
Бирок доллардын нарксызданышы да жагдайды түзөтө албай, Кошмо Штаттар экономикалык каатчылыктан 80-жылдары гана чыгышкан. 70-жылдардагы катаал рецессияга кимди күнөөлөшмөк? Албетте, Түштүк Вьетнамды айыпташты. Вьетнамдык согушка курулай эле эбегейсиз акча сарпталган. АКШ Конгресси түштүк вьетнамдыктарды каржылоодон баш тартып, америкалыктар Сайгондон качып чыгышкан.
1973-жылы The New York Times басылмасы: "Вьетнам согушу АКШнын төлөм таңсыктыгын жаратып, бул доллардын девальвациясына жана Бреттон-Вуд тутумунун талкаланышына алып келген", — деп маалымдаган. Басылманын окурмандарынын ынанбагандан башка аргасы бар беле?
АКШда ушул таптагы экономикалык кырдаал 1970-жылдын башындагыдан да начар. Инфляция бир жарым эсеге жогору, мамлекеттик карыз отуз эсеге өскөн. Доллардын сатып алуу жөндөмү кескин төмөндөп, 1970-жылы отуз миң доллар турган үй азыр жарым миллионго сатылууда. Жарым кылым оболу Кошмо Штаттарда өндүрүш болгон, андан бери көптөгөн кубаттуулук чет өлкөгө чыгарылган. Америкалык доллар менен америкалык экономиканы сактап калгысы келген өлкөлөр дээрлик калган жок. Кимге кереги бар анын? Америкалык облигацияларды сатып алышса, аларды тоңдуруп коюшат. Анан кайрадан "дефолт" сөзү жаңырат.
Экономикалык кыйынчылыктардын баарын, анын ичинде мамлекеттик карыз боюнча дефолтту да Вашингтон үчүн Украинага шылтап коюудан өткөн ыңгайлуу шарт жок. Киевдин буга кандай тиешеси бар деп чыгышса да жарашат. Россия менен согушка Вашингтон тарабынан бөлүнгөн ондогон миллиард доллар деңиздеги тамчыдай...
Бирок Вьетнам согушу да америкалык бюджетке бир топ эле арзан түшкөн. Жылына бир нече миллиард доллардан, аскердик бюджеттин беш пайызынан ашкан эмес. Болгону Вьетнам медианын көңүл борборунда болгон. Ал тууралуу жазылып, тасмалар тартылып, демонстрацияларга чыгышкан. Өз пайдасына кезектеги каатчылыкты уюштурган АКШнын каймактарына инфляцияны да, жумушсуздук, доллардын нарксызданышынын баарын Вьетнам согушуна шылташкан.
Азыр бүт дүйнөнүн көңүлү Украинага бурулуп турат. Кабар агенттиктери демин ичке катып, анын лидеринин ар бир кадамына көз салып туру. Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын редакторлору Авдеевка же Артемовск деген топонимдерди өз тилине транскрипциялап калышты. Быйыл болбосо да, келерки жылы америкалыктар өздөрүнүн экономикалык каатчылыгына Украинаны айыптап чыгарын бөркүңүздөй көрүңүз. Карызды кайтарууну, ленд-лизди пайыздары менен төлөөнү талап кылары бышык. Аларды ондогон жылдар бою төлөп бүтө албай тургандары да айдан ачык. Бирок баарынан кызыгы, жарым кылым мурда долларды алтындан ажыратып нарксыздандырышкан. Ал эми бүгүн эмне кылышат?