Бири-бирибизден алыстап кетүү оңой. Садыр Жапаровдун ЕЭК жыйынындагы кеби

Президент Садыр Жапаров Москвада өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында
Өлкө башчы миграция маселесин дагы козгоп, бул жаатта бир нече сунушун берди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү.
Өлкө башчынын кебинин урунттуу учурларын беребиз:
Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 4,4 пайызга, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 пайызга өстү. Өлкөнүн тышкы соодасы 2023-жылдын январь-март айларында 25,4 пайызга өстү;
Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча чоң аналитикалык жана прикладдык иштер аткарылды;
Бүгүнкү күндө биз өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу үчүн бекем негиз түзүп жатабыз;
ЕАЭБдин деңизге чыга албаган өлкөлөрүнүн транспорттук коридорлорго жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну сунуштайм;
жүктөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу үчүн бардык жүк ташуу документтерин санариптештирүү менен мультимодалдык ташуулардын экосистемасын түзүү маанилүү деп эсептейм;
Биримдикте навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, күчүнө кирди. Ал ошондой эле товарларды мыйзамсыз алып өтүү тобокелдиктерин жок кылат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатат;
Азыр өз ара колдоонун мезгили. "Дарылоодон көрө алдын алуу жакшы" дегендей, бири-бирибизден алыстап кетүү оңой, кийин кайра бири-бирибизге ачылышыбыз кыйын болуп калат;
Тажрыйба жана зарыл маалыматтарды алмашуу жолу менен биздин мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү зарыл;
Биздин өлкөлөрдүн иштеген жарандары Биримдикке мүчө мамлекеттердин кайсы аймагында болбосун эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керек деп эсептейм;
Жарандарга башка өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди электрондук форматта, анын ичинде жарандыгы болгон өлкөдө туруп жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.
Россия президенти Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында
Путин ЕАЭБдин аймагында эркин кыймылды камсыздоого чакырды