Лицензиясы жок казино иштеткендерди 8 жылга чейин камоо сунушталды

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга аралашкан бийлик өкүлдөрү катуу жазаланат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги лицензиясы жок казино иштеткендерди сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Демилге бүгүн парламентте биринчи окуудан өттү.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айтымында, лицензия албай кумар оюндарын уюштургандар жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо ойноого мүмкүнчүлүк бергендер үч-беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Эгер ушундай эле жосун уюшкан топ, кылмыштуу коомдоштуктар жана бийлик өкүлдөрү тарабынан жасалса, же жашы жете элек балдар тартылса беш-сегиз жылга чейин кесилет. Ошону менен бирге оюн жабдуулары жана утушка коюлган каражат мамлекеттин эсебине алынары белгиленди.
Көзөмөлдөө жана ишти тергөө функциясы ИИМге берилет.
Казино иштетүүгө уруксат берген мыйзам былтыр көптөгөн талаш-тартыштар менен кабыл алынган. Жакында эле алгачкы казино ачылганы маалым болду.
Депутат онлайн-казино элди кууратып жатканын айтып, кантип ойнолорун көрсөттү