БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын түштүк тарабынан мезозой заманындагы динозаврлардын калдыктары табылды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын кызматкери Жумакадыр Карамолдоев билдирди.
Анын айтымында, динозаврдын шыйрагынын узундугу 63 сантиметрди түзгөн. Сүрөттө жандыктын омурткалары дагы көрсөтүлгөн.