Ош облусунда микрокредит алгандар көбөйдү

Үч айда берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 45 пайызга жакыны керектөөчүлүк муктаждыктарга жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өлкөдө 2023-жылдын биринчи кварталында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 11 миллиард сом өлчөмүндө кредит таратылган. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Кредит алгандардын саны 192 миң адамга жакындады. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда көрсөткүч 27 пайызга көп, ал эми берилген насыянын көлөмү 25 пайызга өскөн.
Микрокредит Ош облусунда (берилген каражаттын жалпы көлөмүнүн 21 пайызы) көп берилген. Экинчисинде 17 пайыз менен Жалал-Абад облусу, үчүнчүдө 15 пайыз менен Бишкек шаары турат.
Үч айда берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 45 пайызга жакыны керектөөчүлүк муктаждыктарга, 27 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12 пайыз, курулушка төрт пайыз кетти.
Радио
Депозит деген эмне жана ал эмне үчүн керек?