Радио

Министрлик: акыркы коңгуроо салтанатынан кийин балага ата-эне жооптуу

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева акыркы коңгуроо күнү бүтүрүүчүлөргө кечкисин ата-эне жооптуу болорун айтты.
Sputnik
25-май күнү саат 09:00дөн 12:00гө чейин окуучунун коопсуздугуна мугалим жооп берет. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер саат 12:00дөн кийин бүтүрүүчү кырсыкка кабылса, эң биринчи кезекте анын ата-энеси жоопко тартылат.
"Бүгүнкү күндө мамлекетке караштуу ар бир мектепте жетекчилик тарабынан акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бүтүрүүчүлөр саат 09:00дөн 12:00гө чейин мугалимдин карамагында болот. Андан кийин балдар ата-эненин жоопкерчилигине өтөт. Ар бир ата-энени бул күнү баласынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырабыз. Ошондой эле алар тарабынан мугалимдерге алтын, күмүш сыяктуу белектерди бергенге бөгөт коюп келебиз. 2009-жылга чейин акыркы коңгуроо үчүн сентябрь айынан баштап эле окуучулар арасында акча топтоо күч алган эле. 2010-жылдан тарта мындай кадамдарга тыюу салынгандан баштап азайып калды. Мисалы, пандемия учурунда бир да окуучу кырсыкка кабылган жок. Балага жоопкерчиликти эң биринчи ата-эне өзү алышы керек. Баарын мугалимге жүктөп койгон туура эмес", — деди Абдылдаева.
Ал эгер бүтүрүүчүлөр тарабынан кечкисин өткөрүлгөн салтанаттарга мугалимдер да барса жоопко тартыларын кошумчалады.