БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Төрт адам транспорттук-логистикалык компаниянын 385 миң долларлык жүгүн ээлеп алууга шектелип жатат. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.К., А.И. (Алтуха каймана аты), А.Ш (Протез) жана К.Т. (Кеня) кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, көптөгөн жылдардан бери ишкерлердин Кытайдан алып келинген товарларын тартып алган кылмыштуу схема иштеп турган.
УКМК кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктап жатат.