Радио

Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев турак жайларга жашыл техникалык паспорт бере турган мыйзам долбоорун сунуштоодо.
Sputnik
Турак жайларга жашыл техникалык паспорт берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты — өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
"Ыш маселеси республикадагы шаарларда, өзгөчө борбор калаада курч. Аны азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу максатында биз мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Анда автомобилдерге жашыл номер берүү жана үйлөргө жашыл техникалык паспорт берүү каралган. Жашыл техникалык паспортту "Газпром" ишканасы көчөлөргө тартып кеткен аймактардын жашоочулары ала алат. Алар газды андан ары өз үйүнө тартып киргизсе кийин газдын акчасын төлөгөндө кетирген акчасынын суммасы чыкканга чейин жеңилдик берилет. Болбосо өкмөт киргизип берет, мындай учурда, тескерисинче, газдын тарифине акча кошулат. Ал эми газ киргизип, аны колдонуп, көмүр, чүпүрөк жана башка экологияга терс таасир этүүчү нерселерди жакпай калган жашоочуларга газдын эле тарифи арзандабастан интернет тартып киргизсе, кыймылсыз мүлккө болгон салыкта жана башка мамлекет тарабынан турак жайга байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарга 50 пайызга чейин арзандатуулар каралат", — деди Маматалиев.
Ал ошондой эле мыйзам долбоору эл өкүлдөрү жайкы каникулдан келгенден кийин кабыл алууга чыгарын кошумчалады.