Сапатсыз турак жайлар үчүн аткаминерлерди да жазалоо сунушталды

Демилгечилер көзөмөлдөөчү органдардын да жоопкерчилигин күчөтүү керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Сапатсыз турак жайларды элге сатып жиберсе курулуш компанияларын эле эмес, аны көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын жетекчилерин да жоопко тартуу мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев баштаган беш депутат көтөрүп, коомдук талкууга койду.
Ушул мыйзам долбоору аркылуу сапаты начар курулган объектилерди тапшыруу жана кабыл алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда.
"Турак жай куруучулар көбөйгөнү менен сапаты төмөндөп жатат. Адам өлүмүнө кириптер кылып жаткан имараттар мезгил-мезгили менен кулап жатканы көзөмөлдөөчү органдардын иши талаптагыдай эмес болуп жатканынан кабар берет. Мисалы, жер титирөө учурунда имарат же курулма кыйраса жоопкерчиликти жеке эле курулуш компаниялары эмес, кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон, уруксат берүүчү документерге жооптуу мамлекеттик кызматкерлер да алууга тийиш", — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.
Ага ылайык, кызматтык абалын пайдалануу менен талапка дал келбеген турак жайды пайдаланууга уруксат берген кызмат адамы беш жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат. Эгер эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген окуя катталса, 5тен 10 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат. Аны менен катар келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга милдеттендирилет.
Мыйзам долбоору төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө багытталган:
жарандарга келтирилген материалдык жана моралдык зыяндардын ордун толтурууга болгон укукту камсыз кылуу;
жарандардын жекече кол тийбестикке жана ар тараптуу коргоого болгон укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдик талаптарды иштеп чыгуу;
курулуштардын сапаты начар болгон учурларды иликтөө жана каттоого алуу;
жарандарга келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчиликти жүктөө;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана сот тарабынан жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоо боюнча ченемдерди жарандардын укуктарын коргоонун ыкмаларына кошуу.
Баткенде үй кургандар, ишкерлер акчасын ала албай дагы Бишкекке келишти