Башкы дарыгер: балдар тумоолоп, ооруканага көп түшүүдө, бирок эпидемия эмес

Ата-энелер тумоологон баланы бейтапканага алып барып көрсөтпөгөндүктөн пневмонияга өтүп кеткен учурлар бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек шаарында балдар тумоолоп ооруканага түшкөн учурлар көп, бирок аны эпидемия деп эсептебейбиз. Бул туурасында №3 Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Дарыгер ата-энелер тумоологон балдарды бейтапканага алып барып көрсөтпөгөндүктөн пневмонияга өтүп кеткен учурлар бар экенин да айткан.
"Мисалы, кечээ (22-май – ред.) 350 бала келди. Бардыгынын эти ысып, жөтөлүп, мурдунан суу агып түшүп жатышат. Тилекке каршы, ата-энелер баланы 3-4 күндөп үйдө кармап жатып алып, оору өтүшүп, пневмонияга айланып кеткен учурлар көп катталууда. Андыктан ата-энелерге бала ооруса дароо бейтапканага алып баруу зарылдыгын айтар элем", — деген Маманов.
Башкы дарыгер анткен менен бул көрүнүш эпидемия эместигин белгилеген. Оорунун арбышына аба ырайынын улам өзгөрүп, шаардагы, анын четиндеги конуштарда калктын санынын өсүшү себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.
Тумоолоп жаткан балага кандай жардам бере алабыз? Дарыгердин кеңеши