Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгороддо украиналык диверсанттар жок кылынган жерден кадрлар жарыяланды

70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Звезда" телеканалы Белгород облусунда Украин куралдуу күчтөрүнүн диверсиондук-чалгындоочу тобун жок кылган жерден тартылган кадрларды жарыялады.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram-каналына украин диверсанттарынын чабуулунан бир жай тургун каза болгонун жазды.
Ал эми РИА Новости террордук аракеттердин кесепетинен 13 жай тургун жарадар болгонун билдирди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кечээ кечинде Белгород облусуна контртеррордук операция (КТО) режими киргизилген. Грайворонский шаардык округуна украин диверсиондук-чалгындоочу тобу кол салган. Бир күн бою алар чек аралаш райондорду аткылап, учкучсуз аппараттардан жарылуучу заттарды ыргытышкан.
23-майда РФтин Коргоо министрлиги контртеррордук операциянын жүрүшүндө авиациялык, артиллериялык соккулар жана аскер күчтөрүнүн активдүү аракеттеринин натыйжасында улутчул топтор курчоого алынып, таш-талканы чыгарылганын билдирди. Калгандары Украинанын аймагына сүрүлүп, ошондон ары тыптыйпыл болгон. 70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынды.
Жергиликтүү бийлик контртеррордук операция режимин алып салуу чечимин кабыл алды.
Тергөө комитети алты берене боюнча кылмыш ишин козгоду, арасында терроризм да бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовскинин бошотулушу — РФтин стратегиялык жеңиши. Эми кадам кандай ташталат