РФ Коргоо министрлиги: Белгород облусундагы украиналык диверсанттар жок кылынды

Министрлик контртеррордук операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Россиянын Белгород облусундагы украиналык улутчул топтор курчоого алынып, жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, киевдик режим Артемовск шаарында жеңилгенден кийин жай тургундарга каршы террордук акцияларды уюштурууга өткөн.
"22-майда украиналык улутчул топтор Белгород облусунун Грайворонск районундагы эл аралык "Козинка" өткөрүү пунктуна жана башка жарандык объектилерге артиллериялык аткылоолорду интенсивдүү жүргүзүп, Россиянын аймагына кол салышкан", — деп жазылат маалыматта.
Контртеррордук операциянын жүрүшүндө авиациялык, артиллериялык соккулар жана аскер күчтөрүнүн активдүү аракеттеринин натыйжасында улутчулдук топтор курчоого алынган. Калгандары Украинанын аймагына сүрүп чыгарылып, ошондон ары тыптыйпыл болгон.
"70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынды", — деп билдирди ведомство.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Белгород облусундагы украиналык диверсиянын максаты – Бахмут багытынан алагды кылып, украин тараптын Артемовск жоготуусунда саясий натыйжаны азайтуу экендигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовскинин бошотулушу — РФтин стратегиялык жеңиши. Эми кадам кандай ташталат