"Ала-Арча" көрүстөнүнө чыгаан диктор Бактыбек Мамытовдун эстелиги коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, КРдин эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 3

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, КРдин эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду

2 / 3

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, диктордун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты

3 / 3

Эстеликтин ачылышында сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болушу керектигин белгилешкен.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, диктордун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты.
Эстеликтин ачылышында сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болушу керектигин белгилешкен.
Чыгаан диктор былтыр 20-майда 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Жакын санаалаштары анын көптөн бери жүрөгү ооруп жүргөнүн айтышкан.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Теле жана радионун босогосун 21 жашында аттагандан тарта чыгармачылык менен алектенип келген. КТРКдагы "Арноо концерти" куттуктоо программасынын алып баруучусу катары элдин эсинде калды. КРдин эл артисти, Даңк медалынын ээси, жогорку категориядагы диктор.
Көгүлтүр экрандагы 51 жыл. Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов тууралуу 7 факты