Кайгуул милициясы блогер Улукбек Карыбек уулуна 16 миң сом айып салды

Бүгүн блогер автоунаасы менен жолдун каршы тилкесине чыгып алган видео соцтармакка жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мамлекеттик мекемелердеги мыйзам бузуу фактылары боюнча берүүлөрдү тартып келген блогер Улукбек Карыбек уулу 16 миң сомдук айыпка жыгылды.
Бүгүн социалдык тармактарда блогердин каршы тилкеге автоунаасын токтотуп турган видеосу жарыяланган. Кадр артындагы киши Карыбек уулунан эмнеге мыйзам бузуп жатканын сураганда ал жооп бере албай, унаасын айдап кетип калган. Ошондой эле ал коопсуздук курун тагынган эмес, үзүксүз жол чийинин тебелеп өткөн.
"Анан бизге ушундай блогерлер жашоону үйрөтөт", — деп нааразы болгон видеонун автору.
Арадан көп өтпөй эле блогер эреже бузганы үчүн айып кагазын алуу үчүн Кайгуул милициясы чакырганын билдирди. Натыйжада ага каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом, коопсуздук курун тагынбаганына 1000 сом айып салынган.
"Кээде мындай нерселер болуп турат, муну адамдык фактор деп коет. Жол эрежесин бузбаган адам болбосо керек. Бирок мыйзам блогерби, министрби, баарына бирдей болушу керек. Бүгүн барып бул айып пулду мамлекетке төлөйм", — деди Карыбек уулу.
Ага протокол толтурган инспектор 1000 сомдук айыпты бир айдын ичинде төлөсө 300 сом болорун, ал эми 15 миң сомго жеңилдик каралбаганын эскертти.
Айып пул көтөрүлгөндөн кийин жол эрежесин бузуу канчага азайганы айтылды