Диний сабакты билими жоктор өткөн. Сузакта көмүскө эки медресе табылды

Өспүрүмдөр медресенин аймагында жашап, орто мектепке барган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Тотуя айылында 2022-жылдын соңунан бери эркектер жана аялдар үчүн эки медресе эч кандай уруксаты жок иштеп жатканы аныкталган. Эркектердин медресесинде 25тен ашык бала (9 жаштан 18 жашка чейин) окуган. Алар медресенин аймагында жашап, орто мектепке барган эмес. Сабак күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин өтүлүп турган.
1 / 5

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

2 / 5

Маалыматка караганда, Тотуя айылында 2022-жылдын соңунан бери эркектер жана аялдар үчүн эки медресе эч кандай уруксаты жок иштеп жатканы аныкталган

3 / 5

Эркектердин медресесинде 25тен ашык бала (9 жаштан 18 жашка чейин) окуган

4 / 5

Алар медресенин аймагында жашап, орто мектепке барган эмес

5 / 5

Сабак күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин өтүлүп турган

Ал эми экинчи, тагыраагы, аялдар медресесинде 40ка жакын аял жана 10 бала билим алган. Алар дүйшөмбүдөн тарта бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин окуган. Жашы жете элек кыздар орто мектепке барган эмес.
"Бул медреселерде диний сабактарды билими жок адамдар өтүп келгени аныкталды. Алар негизинен муфтият тарабынан текшерилбеген адабияттардан куран менен хадистерди үйрөнүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузулганы боюнча актылар жана протоколдор түзүлүп, медресеге 5 500 сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Ал эми жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Пресс-борбор
Россиянын муфтийи: кыргызстандыктар Москвадагы медреседе кыргыз тилинде окушат