БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жер семирткичтердин баасы былтыркыга караганда 5-6 сомго арзан болууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Жыл башынан бери өлкөгө 76,4 миң тонна минералдык жер семирткич, башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 12,2 миң тонна көп ташып келингени кабарланды.
Азыркы баа (1 килограммы):
аммиак селитрасы — 34-44 сом;
карбамид — 42-49 сом.