Кытай менен визасыз режим кандай болушу мүмкүн? ТИМ шарттарын айтты

Визасыз режим туристтер үчүн гана каралышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кытай менен Кыргызстандын жарандарына 14 күнгө чейин визасыз кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев УТРКнын "Президент Жапаров" көрсөтүүсүндө билдирди.
"Кечээ Казакстан менен кол коюшту, алар 30 күнгө визасыз кирип чыгышат. Биз да 10 же 14 күнгө визасы жок барып-келип турсун деп Кытай тарапка сунуш бергенбиз. Бирок алар азыр ойлонуп жатышат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Эми илгертеден элибизде "кытайлар келсе бизди каптап кетет" деген фобия бар да. Кытайдын өзүнүн 1,5 миллиард калкы бар. Экономикага эң чоң пайда ички туристтерден түшөт. Улуу Кытай сепилине жылына 70 миллион өзүнүн туристтери, чет өлкөдөн болгону 3,5 миллион келет экен", — деди тышкы иштер министри.
Ошондой эле ал кытай тарап бир пакетке камтылган тур болсо жакшы болмоктугун билдиргенин белгиледи. Мисалы, Кыргызстанга келип эле кайра кетпей, Казакстан менен Өзбекстанды да үч күндөн кыдырып, анан чыгып кетишсе туристтик компанияларга да жеңилдик болору айтылды. Кулубаев үч өлкөдө тең Кытайга түз авиакаттамдар бар экенин кошумчалады.
БАЭ, Мальдив, Бахрейн, Ливан. Кыргызстан 4 өлкө менен визасыз режим киргизет