Кыргызстанда автоунаалардын импорту 4,4 эсе өскөн

Темир тулпарлар эң көп Улуу Британиядан алып келинген, тагыраагы, көрсөткүч 144 эсе көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 30 миң 871 жеңил автоунаа алып келинген. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Кайсы мамлекеттерден көп алып келинген?
АКШ — 8 286 даана;
Корея — 7 930;
Россия — 2 807;
Грузия — 2 629
Кытай — 2 412.
Былтыркы жылдын биринчи кварталында азыраак, тагыраагы, 6 999 темир тулпар алынган.
Бир катар мамлекеттерден автоунааларды көп алып келе башташкан.
Маселен, Улуу Британиядан импорттоо 144 эсеге көбөйгөн. Өткөн жылдын январь-март айларында бир автоунаа алып келинсе, быйылкы биринчи кварталда анын саны 144кө чыккан. Ошондой эле АКШдан (15 эсе) жана Кореядан (8 эсе) алып келүү арбыган.
Ар кыл жылга маалымат:
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 — 41 237.
Бажы кызматы машина ташыган ишкерлердин маселеси боюнча жооп берди