БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына (КЭР) жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, өлкө башчы 17-20-майда Кытайга мамлекеттик сапары менен барган.
Кол коюлган документтер:
China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 миллион евро;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — 260 миллион доллар;
Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Universal Energy Co. Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — 100 миллион доллар;
Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. ортосундагы "Жибек жолунун алыскы шамалы" биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 38 миллион доллар;
Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. ортосундагы "Бишкек сүйүүсү" биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 25 миллион доллар.