Эскертүү! Бишкекте түтүктөр жарылып, жолдорду суу капташы мүмкүн

Мекеме кырсык катталган учурда кайсы номерлерге чалуу керектигин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте түтүктөр жарылып, жолдорду суу каптап, жадагалса асфальттар оюлушу мүмкүн. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы эскертүү берди.
Аталган мекеме бүгүндөн баштап бир айга ысык суу өчүрүлгөнүнө байланыштуу жылуулук тармактарынын бекемдигин текшерүү иштери жүрөт.
Төмөнкү тилкелерде оңдоо иштери болот:
Шаардын түндүк тарабы — Лев Толстой көчөсүнүн ТЭЦтен Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү ("Мадина" базары жакта);
темир жол линиясынын жээги ТЭЦтен Ибраимов көчөсүнө чейин;
Шабдан баатыр проспектисинин Достоевскийден 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чүй проспектисинин 7-апрелден Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектисинен темир жолго чейинки бөлүгү;
Борбор калаанын түштүк тарабы — Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн темир жолдон Кулатовго чейинки бөлүгү;
Жылуулук тармактарына байланыштуу жолдо катталган кырсыктарга күбө болгондор төмөнкү номерлерге чалса болот:
"Бишкек жылуулук тармактарынын" диспетчердик кызматы — 0 (312) 56-85-58;
"Бишкек жылуулук тармактарынын" керектөөчүлөрдү колдоо борбору 0 (312) 61-11-69, 1980;
ишкананын номери — 0 (557) 61-11-66, 0 (777) 61-11-66, 0 (701) 61-11-66.
Бишкектин кээ бир жеринде 22-май күнү жарык өчөт. График