БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эгерде Америка бийлиги мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу боюнча маселени чечпесе, АКШ төлөмдөрүн эң көп дегенде июндун аягына чейин гана төгө алат. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Жаннет Йеллен NBC телеканалынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.
"Менин баам мындай: 15-июнга чейин жетсек болот, бардык эсептерибизди төлөө мүмкүнчүлүгүбүз төмөн", — деген ал.
Андыктан өкмөт биринчи июнга кризистик кырдаалдан чыга турган жол табышы керек. Йеллендин айтымында, бул өтө эле чукул мөөнөт болуп калды.
Аткаминер 15-июндан кийин "олуттуу" салык төлөмдөрү күтүп жаткандыгын, бирок АКШда бул мөөнөткө чейин жеткенге мүмкүнчүлүктүн болушу күмөн экенин айткан.
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.
Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.