Министр: Акаевдин 3 жердеги лекциясы элдин нааразылыгынан улам токтотулду

Министрдин айтымында, лекциялар 26-29-майга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Аскар Акаевдин үч жерде лекция өтөрү пландалган экен, эми ал уюштурулбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламенттин Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Анын айтымында, мурдагы президент Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде лекция окуй турганы сүйлөшүлгөн.
"Азыр мага айтты, үч жерде так эмес белгиленген экен. Үчөө тең биз менен макулдашылган эмес. 26-29-майга пландалыптыр, эми болбойт. Бул жерде саясий, моралдык эле маселе да. Элдин, коомчулуктун терс реакциясын эске алып үч окуу жай тең чечим чыгарыптыр, лекциялар окулбайт", — деди Иманалиев.
Ал эми КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Акаевдин тарапташтары лекция уюштуруу үчүн окуу жайга кайрылганын, бирок ал макул же жок деп жооп бербегенин айтты.
Андан соң депутат Кундузбек Сулайманов "биз анын лекциясына муктаж эмеспиз" деп Иманалиевге буга жол берген ректорлорго чара көрүүнү сунуштады.
Министр Иманалиев: Акаевдин окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм