Радио

Осмонов: Кыргызстанда көлөмдүү укуктук энциклопедия жазылды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, КРдин эмгек сиңирген юристи Доктурбек Осмонов калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатууга басым жасалышы керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ири көлөмдөгү укуктук энциклопедия жазылды. Бул тууралуу Доктурбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп укук коргоо органдарына, юридикалык багыттагы окуу жайларга берилет.
"Кыргызстанда ири көлөмдөгү укуктук энциклопедия жазылды. Илимий эмгекти Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, окумуштуу-тилчи Аттокур Жапанов менен чогуу жаздык. Китеп кыргыз тилинде жазылып, укук таануу тармагындагы сөздөрдүн мазмунун ачып бердик. Анткени укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин көбү орусча терминдерди колдонуп келишкен. Бул илимий чыгарма укук коргоо органдарына, юридикалык багыттагы окуу жайларга таратылып берилет. Мындан тышкары, калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатууга басым жасалышы керек. Ар бир жаран негизги укуктарын билип, аны коргошу зарыл", — деди Осмонов.
Ошондой эле адис мамлекет илимге көңүл буруп, жаш адистердин тажрыйбасын арттырууга каражат бөлүшү керектигин кошумчалады.