БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кандагы холестериндин көбөйүшүн буттан да байкаса болот. Бул тууралуу кардиолог Сами Фирузи "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Адистин айтымында, кандагы холестерин ашыкча көбөйүп кеткен мезгилде буттун тырмактары абдан эле жай өсүп калат.
"Кээде буттун тырмактары өспөй калгандай сезим жаралат", — деген кардиолог.
Андан башка эгер төмөнкү нерселер түйшөлтсө, дарыгерге кайрылуу сунушталган:
басып баратканда буттарда пайда болгон оору. Ал отурганда же жатканда токтоп калышы, басаңдашы мүмкүн;
буттагы түктөрдүн түшүшү;
тери бозоруп, калың болуп, көгөрө баштаса;
буттар бат-бат "уктап" калса;
согончок жарылып, анын айыгуусу кечеңдесе.
Көбөйгөн холестериндин белгилерин көздөн да байкоого болот. Ал көздүн кабатында же кычыгында сары так пайда болот.