Политехтин айрым студенттери Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы чыгышты

Окуу жайдын студенттеринин бири Аскар Акаевди коррупция менен акыйкатсыздыктын символу деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кээ бир студенттери КРдин биринчи президенти Аскар Акаевдин бул окуу жайда лекция окушуна каршы чыгышты.
Акаев менен анын жубайы КМТУ менен Улуттук илимдер академиясында лекция окуйт деген маалымат 20-майда тараган болчу.
Студенттердин биринин кайрылуусу социалдык тармакка жарыяланды.

"Мага жана биздин муунга Аскар Акаев коррупциянын, уурулуктун, кыйроонун жана саткынчылыктын символу. Көпчүлүк студенттер бул ойго кошулат деген пикирдемин. Анын келечегин уурдаган жаш муундун алдында лекция окуу каалоосун шылдыңдоо катары кабыл алам", деп жазды Элхан Алыбаев.

Ал КМТУ репутациясы эң мыкты уникалдуу окуу жай экенин, бул жакка жыл сайын Кыргызстандын ар бурчунан эң мыкты бүтүрүүчүлөр тапшырарын айтып, мугалимдердин курамы менен сыймыктанарын белгилеген. Алыбаев Политех миңдеген изилдөөлөрдү, мыкты инженерлер менен адистерди чыгарган жалгыз университет экенин айткан.
"Коррупция гүлдөп, акыйкатсыздык орногон жерде инженерия менен илим өнүгө албайт, тескерисинче, талкаланат. Биздин университеттик коомчулук өлкөнүн алдыңкыларынан болушу керек. Бул биздин репутациябызга гана эмес, коомчулук алдындагы жоопкерчилигибизге жана намысыбызга тийип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Алыбаев башка студенттерди дагы бул боюнча оюн айтууга, каршылык көрсөтүүгө чакырган.
"Урматтуу жетекчилик, сиздер туура чечим кабыл аласыздар деп ишенем. Биздин университетте Аскар Акаевдин сүйлөшүнө жол бербейсиздер деген ниеттемин", — деди ал.
Акаев Кыргызстандан 2005-жылы Март окуясынан кийин качып кеткен. Биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келип кеткен. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Жапаров экс-президенттерди кандай максатта чогулткан? Маалымат катчысынын жообу