Таласта аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Таласта алдыдагы жуманын басымдуу бөлүгү жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
21-майда түнкүсүн бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 22-майдан 25-майга чейин аймактарда маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-27-майда дагы күндүн көзү ачылбайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми 23-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты