Нарындын жаш жол тескөөчүлөрү республикалык сынакта жеңүүчү болду. Сүрөт

Сынактын жеңүүчүлөрү Казакстан менен Россияга жолдомо алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучулары "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" деп аталган республикалык кароо-сынакта Гран-прини жеңип алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы билдирди.
Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучулары "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" деп аталган республикалык кароо-сынакта Гран-прини жеңип алышты.
Кароо-сынакка өлкө аймагынан тогуз команда катышкан. Нарын шаарынан барган окуучулардын тобу сынакта алдыңкы орунду ээлеп, Казакстан жана Россияга жолдомо алышты.
Нарын шаарындагы бардык орто мектептерде жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү топтору түзүлгөн. Алар өспүрүмдөр арасында жол эрежелерин сактоону жайылтуу максатында шаардык, облустук, республикалык сынактарга катышып келишет.
Ошто дзюдо боюнча республикалык кубок өтүүдө. Сүрөт