БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына кабыл алуу башталганын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат. Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Мындан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин имаратынын 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.
"Эл үмүтү" стипендиясы өткөн жылдын август айында түзүлгөн. Ал техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга бөлүнөт.
Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк шилтеме аркылуу кирип тааныша аласыз.