Аскар Акаев менен Майрам Акаева Кыргызстанга келгени айтылды. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мурдагы президент Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
Жубайлар өткөн түнү кыргыз-казак чек арасынан өтүп келишкен. Алар Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылды. Лекциялар качан болору белгисиз.
Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келип кеткен. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Жапаров экс-президенттерди кандай максатта чогулткан? Маалымат катчысынын жообу