Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркинов үй камагына чыкты

Эркинов коррупцияга айыпталып, 4-май күнү кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Биринчи Май райондук соту Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.
Үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү сотко УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү киргизип, канааттандырылган.
Эркинов коррупцияга айыпталып, 4-майда кармалган. Анын эртеси баш коргоо чарасы тандалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.
Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду 2021-жылы түзүлүп, Темирбек Эркинов ошондон бери иштеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.
Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкер болуп баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.
УКМК: Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кармалды