Сом дүйнөлүк кризистерге карабай ишенимди актоодо. Улуттук валютага 30 жыл толду

Бүгүнкү күндө кыргыз сому постсоветтик мейкиндиктеги эң эле бекем валюта болуп саналары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сом дүйнөдө жаралып жаткан кризистерге жана экономикадагы олку-солкулукка карабай ишенимди актап келет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев сомдун киргизилгенинин 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Ал улуттук валюта — сом туруктуулугу, коргоочу элементтери, жасалгасы боюнча эл аралык көргөзмөлөрдө жана сынактарда татыктуу орундарды ээлеп келгенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө кыргыз сому постсоветтик мейкиндиктеги туруктуу валютанын бири болуп саналып, дүйнөлүк кризистерге жана экономикадагы олку-солку абалга карабай ишенимди актап келет", — деди Бөкөнтаев.
Сомду киргизүүдө жашыруун комиссия иштеген. Улуттук валюта тууралуу 7 факт