Жапаров "Торугарт" менен "Эркеч-Тамды" 7 күндүк графикке өткөрүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга чек арадагы эки өткөрмө бекетти жети күн бою күнү-түнү иштеген графикке өткөрүүнү сунуштады.
Өлкө башчы бүгүн Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту.
Президент өткөрмө бекеттердин соода жүгүртүүдөгү ролу чоң экенин белгиледи.
"Кыргыз тарап алардын ишин оптимизациялоо үчүн "Торугарт" менен "Эркеч-Тамды" жети күндүк графикке өткөрүүнү сунуштайт", — деди Жапаров.
Кытай БА өлкөлөрүнө 3,72 млрд. долларлык кайтарымсыз жардам көрсөтөт