БИШКЕК, 19-май — Sputnik. G7 өлкөлөрү Украинадагы окуялардан улам Россияга басым жасоону былтыркыдай эле улантуу ниетинде, бул маселеде позиция өзгөргөн жок. Мындай билдирүүнү АКШ администрациясындагы жогорку даражадагы аткаминер брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин милдет былтыркыдай эле Россияга карата басымды күчтүүлөп жасоону улантуу. Эртеңдерден Россияны экономикалык жактан обочолонтуу жана анын согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү боюнча жаңы кадамдарды көрөсүңөр. Тагыраагы, Украинага тиешелүү кошумча милдеттенмелер болот", — деген америкалык аткаминер.
Айтылып жаткан башка чаралардын катарында G7 өлкөлөрү киргизген россиялык күйүүчү майга болгон чектөө саясаты да бар экендигин эске салды. Аткаминердин айтымында, бул саясат "Россиянын кирешелерин чектөөгө жана ошол эле учурда дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо туруктуулукту сактоого көмөктөшүп, койгон максаттарына жетет".
"Ошондой эле мунай жана мунай заттарын сатып алган кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөргө пайда алып келе турган ири арзандатууларга кепилдик берет. Биз баа саясатын сактоо, майнаптуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын кыйыр таасирлеринен алыс болуу, глобалдык энергетикалык коопсуздукту колдоону карманабыз жана аны жактайбыз", — деген ал.
Батыштын Россияга карата мунай санкциялары 2022-жылдын 5-декабрында күчүнө кирген. Евробиримдик деңиз аркылуу ташылган россиялык нефтини кабыл алууну токтоткон. Ал эми "Чоң жетиликтин"өлкөлөрү, Австралия жана ЕБ деңиз менен ташылган мунай заттары баррелине 60 доллар сатылышы керек деп, кымбат мунайды ташып келүүгө жана камсыздандырууга тыюу салган. Россия ага жооп кылып 1-февралдан тарта чет элдиктерге "аталган чек коюлса сатууга тыюу салуу киргизилерин" айтып, бекем турган.
Путин Москваны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясына айланганын, башкы максаты миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу экенин белгилеген.