АКШ санкция салган кыргызстандык компания тууралуу эмне белгилүү?

АКШнын Соода министрлиги Россия, Кыргызстан жана Армениядагы 71 компанияга санкциялар менен экспорттук чектөөлөрдү киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АКШ электрондук жабдууларды жеткирип иштеген кыргызстандык Tro.Ya ишканасына санкция салды. Sputnik Кыргызстандын редакциясы ачык булактардан аталган компания тууралуу маалыматтарды топтоду.
Кошмо Штаттардын федералдык реестринде компания Токмокто (Төмөнкү Луговая, 217) жана Бишкекте (Жумабек, 105/1) катталган. Булар биринчи скриншотто көрсөтүлгөн.
Бул маалыматтар компаниянын өзүнүн сайтында жазылган даректер менен дал келет. Ошондой эле анын ишмердүүлүгү – өндүрүштүн түрдүү тармактары үчүн электрондук жабдыктарды жеткирүү деп жазылган.
Компаниянын компетенциясына электрондук компоненттерди, өндүрүштүк автоматиканы, навигациялык жабдыктарды, телекоммуникация үчүн жабдууларды жеткирүү кирет. Мунун баары экинчи скриншотто көрсөтүлгөн.
АКШнын Соода министрлиги Россия, Кыргызстан жана Армениядагы 71 компанияга жаңы санкциялар менен экспорттук чектөөлөрдү киргизген. Анын ичинде бирөө кыргызстандык компания экендиги маалымдалган.
Саясат таануучу: АКШ Борбор Азия менен коркутуп-үркүткөн ыкмада сүйлөшө баштады