Төө-Ашуу тоннелиндеги каттам убактылуу чектелди. График

Бишкек — Ош жолунун башкы тилкесинде автокыймыл күнүнө үч маал чектелип турат. Бул бүгүндөн тарта башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Төө-Ашуу тоннелиндеги каттам убактылуу чектелгендигин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыймылды маал-маалы менен токтотуунун себеби оңдоп-түзөө жана прожекторлордун электр кабелдерин алмаштыруу, дубалдарын актоо жана башка иштер экендигин айтышты.
Бүгүн жолду төмөнкү сааттарда жабуу чечими кабыл алынган:
саат 3:00-5:00 арасы ;
саат 8:00-10:00 арасы;
саат 12:00-14:00 арасы.
Чектөөнүн качан алынары белгисиз. Министрликтен бул туурасына кошумча кабарлай турганын билдиришти. Жолдогу коопсуздукка Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмү көз салып жатат.
Боом капчыгайында 15-19-майда таш кулатылат