Азербайжан тилиндеги "Манас", этнобазар. Ошто эпостордун эл аралык фестивалы өтүүдө

Иш-чарага 30га чукул өлкөнүн өнөрпоздору, уз-чеберлери катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында ачылган Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалынын алкагында бүгүн кол өнөрчүлөрдүн этнобазары иштеп, дастанчылардын, дизайнерлердин сынагы өтөт.
Эскерте кетсек, фестиваль кечээ, 17-май күнү, башталган. Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, "ТҮРКСОЙ" эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана чет мамлекеттерден келген коноктор катышкан.
1 / 3

Ош шаарынын борбордук аянтында ачылган Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалынын алкагында бүгүн кол өнөрчүлөрдүн этнобазары иштеп, дастанчылардын, дизайнерлердин сынагы өтөт

2 / 3

Эскерте кетсек, фестиваль кечээ, 17-май күнү, башталган

3 / 3

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, "ТҮРКСОЙ" эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана чет мамлекеттерден келген коноктор катышкан

Бүгүн ири иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында "Айтуучунун тексти мезгил жана мейкиндик ченеминде" эл аралык илимий-тажрыйбалык симпозиум өтөт. Анда азербайжан тилинде жарык көргөн "Манас" китебинин бет ачары болуп, "Орхон-Енисей рун жазуусу" жана "Кыргыз эпостору" деп аталган көргөзмөлөр ачылат.
Мындан тышкары, 20-майга чейин кол өнөрчүлөрдүн этнобазары иштей турганы айтылды. Эл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концертине да күбө боло алат.
Саат 18:00дө жыйынтыктала турган дастанчылардын сынагынан кийин "Сулайман-Тоо" музейинин алдында Хакасиядан келген "Улегер" жана Тывадан келген "Тыва" фольклордук тобунун концерттери тартууланат.
Фестиваль 20-майда жыйынтыкталат.
Ысык-Көлдө 10-11-июнда "Бий өнөр" республикалык фестивалы өтөт