АКШлык инвестор Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк жок болорун боолголоду

Роджерс эл аралык финансы институттары эмне себептен ишин токтотушу мүмкүн экенин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Америкалык белгилүү инвестор Жим Роджерс келечекте Эл аралык валюта фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк (ДБ) жана АКШнын Федералдык резерв системасы жок болорун боолголоп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Менин баамымда, булар эч качан туура баа беришпейт. Дайым жаңылгандар акыры жок болуп тынат", — деген Роджерс агенттиктин ЭВФ жана ДБнын келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып.
Инвестор ЭВФтин эски отчетторуна сереп салса уюм жакшы баа берген айрым мамлекеттер беш жылдан кийин банкротко кабалып жатканын көрүүгө болорун белгилеген.
Роджерс АКШнын Федералдык резерв системасынын келечегинен да күмөн саноодо.
"АКШнын тарыхында үч борбордук банк болду. Алгачкы экөө көп жаңылып, ошону менен жок болду. Азыркысы да көп адашат, натыйжада бул дагы ишин токтотот", — деди ал.
Аны менен бирге инвестор ЭВФ менен Дүйнөлүк банк бир ирмемде эле жок болуп кетпей турганын, анткени дүйнөдө мааниси чоң экенин кошумчалады.
"Банкирлер жакшы көрөт, көбү ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын эсебинен акча табат, канчалаган бюрократ жылуу-жумшак орун-очок алып жашап келет. Андыктан убакыт керек, бирок эртеби-кечпи, кетирген кемчиликтеринен улам ишин токтоктот", — деди Роджерс.
АКШнын айласын кетире турган көйгөй дефолт эмес, башка. Экономисттин пикири