Депутат Көкүлов: эл Бакиевдерди унутуп калды деп ойлобогула, андай эмес

Депутат мурдагы президенттер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калганын сындады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлөв Бакиевдерди актоо аракети жүрүп жатабы деп тынчсыздануусун билдирди.
Белгилей кетсек, жакында эле УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган.
"Акыркы убакта мага экс-президенттерди реаблитациялоо жумуштары жүрүп жаткандай сезилип жатат. Бул кишилер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калды. Азыр мен дагы жооп күтүп (бийликтен — ред.) жатам. Чындап эле ошондой болуп жатабы, силердин оюңар кандай? Эгер Бакиевдерди эл унутуп калды деп бирөөлөр ойлоп жаткан болсо андай эмес. Жеке менин эсимде баары бар", — деди Көкүлов.
Ошондой эле ал андан алдын сүйлөгөн кесиптеши Эльвира Сурабалдиеванын айткан ар бир сөзүнө кошула турганын белгиледи.
Сурабалдиева качкын президент Курманбек Бакиевди актоо аракети болуп жаткан болбосо президенттик администрация позициясын ачык айтып, андан маек алган Кадыр Кошалиевди жумуштан кетириши керектигин билдирген.
"Бакиевди актоо". ЖК Шакиев жазды делген кат жасалма деген билдирүү таратты