Пресс-борбор

Блогер Адилет Ногойбаев интервьюну ийгиликтүү өткөрүүнүн сырларын айтып берди

Ногойбаев Бишкектеги окуу жайлардын журналистика факультетинде билим алган студенттер менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Белгилүү блогер Адилет Ногойбаев интервью учурунда адамды кантип ачуу керектигин айтып берди.
Ал SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда мастер-класс өткөрдү.
"Спикерди угуу өтө маанилүү. Сөзүн бөлбөй, ар бир оюн соңуна чейин угуш керек. Эгер коногуңуз камерадан сүрдөп, тартынып жатканын байкасаңыз ага колдоо көрсөтүп, жардам бериңиз. Ал кеп кылгысы келбей жаткан маселени дароо козгобоңуз. Алгач башка учурларын айтып берип алсын, андан соң кызыктырган суроону берип көрүүгө болот", — деди Ногойбаев.
Ал белгилегендей, ар бир адам кийин анын репутациясына залакасын тийгизип кое турган ашыкча нерселерди айтып алышы мүмкүн.
"Мен дагы адаммын, мен дагы ашыкча сүйлөп алышым мүмкүн. Ошондуктан эгер спикер интервьюнун кайсы бир жерин кесип салууну суранса орундатып коюу туура. Бирок "хайп" кылгысы келген адамдар дагы болот. Андайлар интервьюнун кайсы бир жерин алып салууну суранбашы дагы ыктымал", — деди блогер.
Ногойбаев Бишкектеги окуу жайлардын журналистика факультетинде билим алган студенттер менен жолукту.
Пресс-борбор
Соцтармактагы катталуучусу жок каналды кантип алдыга жылдырса болот? Адистен кеңеш