Кишилерди ак жерден күйгүзүп... УКМК милиция кызматкерлерин кармаганын билдирди

Кармалгандар учурда Жаза аткаруу кызматынын тергөө абагына киргизилгени айтылды. Алардын милициянын капитаны, майору, лейтенанты экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өзгөн РИИБдин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин жасап келген кылмыштарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
"Аталган эки аймактык бөлүмдүн айрым ыкчам кызматкерлери жарандардан узак убакыт бою "опузалап талап кылуу" схемасын уюштурушкан. Карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды коркутуп-үркүтүп жана шантаж кылып кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан. Бул схема зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу фактылары боюнча мурда кылмышка тартылган жарандардан жасалма арыз материалдарын алуудан турган. Андан ары текшерүүгө жамынып, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, жабырлануучуларды "акчасын төлөп берүүгө" мажбурлашкан. Бирок иш жүзүндө, текшерүү фактысын жашыруу үчүн жабырлануучуларга карата кайрылуулар процессуалдык каттоодон өткөн эмес", — деп билдирди.
Өзгөн РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты А.Н.Б. жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери – милициянын майору Ж.Т.К., милициянын капитаны М.С.Ж. 2023-жылдын 30-апрелинде кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөргөн. Андан соң маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышканы айтылды.
12-майда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун жана Өзгөн районунун Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмыштуу аракеттерди тастыктаган маалыматтар алынган.
Жогорудагы милиция кызматкерлери кармалып, ЖАКтын тергөө абагына киргизилген.
УКМК: Сокулук менен Ноокатта милициянын эки тергөөчүсү пара менен кармалды. Сүрөт