БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-11-июнунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Барчын" өспүрүмдөр борборунда I республикалык "Бий өнөр" кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Фестиваль өсүп келе жаткан балетмейстерлер менен хореографтарга шык берүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашырууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.
Маалыматка ылайык, иш-чара төмөндөгү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
элибизге таандык этнобийлер;
кыргыз элдик фольклоруна таандык бийлер;
өзгөчө макала сынагы (кыргыз этно-фольклор бийлеринин тарыхы тууралуу жазылган макалалар кабыл алынат).
Сынакка бардык балетмейстерлер, хореографтар, өздүк-көркөм чыгармачыл топтордун жетекчилери жана бий өнөрүнө кызыккан жеке тараптар да катыша алат. Жаш курак боюнча чектөө жок.
Фестивалга катышуу үчүн 20-майга чейин бий тобу жөнүндө маалыматты менен автордук эки бийин уюштуруу тобуна жиберүү керек. Экинчи турга өткөндөр 10-июнда Ысык-Көлдө күч сынашат.
"Жол чыгымдары катышуучулардын өзү же жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Ал эми тамак-аш, жатакана чыгымдары уюштуруу тобу тарабынан каржыланат", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты Бишкек шаары, К. Жантөшев көчөсү, 115 дарегинен же 0700 260-760, 0558 23-23-21, 0703 41-58-38 номерлери аркылуу алууга болот.