"Сот логика менен аргументтерге таянат деп ишенем". Солопенконун видеосу

Ал Sputnik жана Baltnews порталдарына макалаларын жарыялаган үчүн күнөөлөнүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май – Sputnik. Латвияда орус тилдүү социолог жана журналист Андрей Солопенконун соту уланууда. Ал Sputnik жана Baltnews порталдарына макалаларын жарыялаган үчүн күнөөлөнүп жатат.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Латвиялык күнөө тагуучулар "Россия сегодня" медиатобунун жетекчиси Дмитрий Киселев Европа биримдигинин санкциясында тургандыктан, Солопенконун макала жазуусун кылмыш деп эсептейт.
Латвиянын соту жараянды күзгө калтырды. Алар ТИМге, Финансылык чалгынга жана Коопсуздук кызматына каралып жаткан иште мамлекеттик сыр жокпу деген сурам жөнөттү. Муну тактоого туура келет, себеби күнөөлөнүп жаткан Солопенко соттук жараянды ачык өткөрүүнү суранган.
Сот россиялык журналисттерге каршы процесстердин алкагында дагы башка айыпталуучу Елена Кирилованын ишин кийинкиге жылдырды.
Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору үй камагына чыгарылды