БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлерге "өлкөдө ЖМКларга кысым болуп жатабы?" деген суроону узатты.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер Бакыт Рысбеков "менин оюмча бийлик тарабынан эле эмес, эл ичинде дагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөө аракеттери болуп жатат" деп жооп берди.
Ал эми "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" тобу көрсөткөн Жамиля Жаманбаева бул маселеге маани берип карабаганын айтты.
"Бул эки ача суроо болуп жатат, мен соңку жылдары эч бир кызматта болбогондуктан ЖМКларды караган эмесмин. Эми анчалык кысым жок деп эсептейм. Эгер менин талапкерлигимди жактырсаңыздар иштеп көрүп, балким, оюмду өзгөртөм. Азыр так эч нерсе айта албайм", — деди Жаманбаева.
Учурда парламентте акыйкатчы кызматына талапкерлер каралып жатат.